Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча жыйын болду
Бүгүн, 10-сентябрда парламенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында кеңешме өттү. Мекемеден билдиришкендей, жыйында аскер кызматкерлеринин шайлоодо добуш берүү тартиби, тизмелердин түзүлүшү, мөөнөттүү аскер кызматындагылардын документтерин иретке келтирүү маселелери каралды.
Республиканын алыскы райондорундагы чек ара заставаларынын аскер кызматкерлерин кантип шайлоого катыштыруу, аны кандай тартипте уюштуруу керектиги талкууланды. Башкы штабдын Тарбия иштери башкармалыгынын башчысы Бакыт Жапаров, тийиштүү мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча алдыга коюлган тапшырмаларды толугу менен өз учурунда аткаруу зарылдыгын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

