super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2015. Мыктыбек Абдылдаев: "Бир бол" партиясынын “Илбирс секириги” программасында каатчылыктан чыгуу жолдору каралган”

 
Бүгүн, 10-сентябрда "Бир бол" партиясынын лидерлери Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Маданият үйүнө жык толгон шаар тургундары лидерлерди жылуу маанайда тосуп алышып, партиянын программасы менен таанышышты.

Алгачкы сөздү алган Мыктыбек Абдылдаев мамлекеттин коопсуздугун сактоо маселесине токтолуп, “Бир бол” партиясынын программасында мамлекетибиздин коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүү маселелери каралгандыгын белгиледи. 

“Биз канчалык өнүкпөйлү, эгерде өз коопсуздугубузду сактай албасак, бардык жетишкендиктер текке кетет. Ошондуктан коопсуздук маселесин биринчи планга коюшубуз керек. Биз эртең эле оңоло калабыз дегенден алыспыз. Дүйнөдө болуп жаткан экономикалык каатчылык бизге да таасирин тийгизбей койбойт. Партиянын “Илбирс секириги” программасында ушул сыяктуу терс таасирлерден кантип чыгуунун жолу каралган”,- деп билдирген Абдылдаев Кыргызстан тышкы саясатта өз ордун табышы керектигин айтты.

Талапкер Акылбек Жапаров: “Качан мага бирөө келип жол көрсөтөт, качан менин маселемди чечип берет?" деп күтүп отурбашыбыз керек. Биз “кумурсканын философиясы” менен жашап, алдыга карай аракеттенишибиз зарыл”,- деп билдирип, эгерде партия парламентке келип калса, биринчи кезекте толук мамлекеттик инвентаризация жүргүзүлөрүн айтты: “Биздин программада өзгөчө орун энергетика менен айыл чарбасына берилген. Албетте, ал жумуштарды аткарууга профессионалдарды коёбуз”.

Алтынбек Сулайманов элди татыктуу адамдарды тандап алууга чакырды. “Айрым бийликтегилер мурдагы адатына түшүп бут тосууларды жасап жатышат, бирок ага карабай өз тандооңорду жүрөгүңөр менен жасагыла”,- деди Сулайманов.

Материал "Бир бол" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: