Шашылыш билдирүү! 13-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өлкө аймагында 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. 13-14-сентябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aiwa1990

11.09.2015. 13:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынччылык болсо экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.