Японияда суу каптоодон улам өлкөнүн борбордук бөлүгү жана коңшу аймактары суунун астында калды





Японияда катуу тайфундун жана нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен суу каптап, өлкөнүн борбордук бөлүгү жана коңшу аймактары суунун астында калды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.
Маалыматтарга ылайык, табигый кырсыктан улам Осаки шаарын толугу менен суу каптады. "Шаардын 700 тургуну кайыктар менен чыгарылып, дагы 1000и эвакуацияланбай турат. Мындан тышкары Дзёсо шаарында дарыя суулары чегинен чыгып кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, суу каптоодон 1 адам каза таап, 28 адам жаракат алды. Ошондой эле "Тойота Моторс" автоунаа корпорациясынын 3 ишканасында иш токтотулганы белгилүү болду. Жалпысынан өлкөнүн 500 чарчы чакырым аянты суу астында калды. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ өкмөт жабырлануучуларга жардам көрсөтүүдө бардык күчүн жумшаарын билдирди",- деп жазышты массалык маалымат каражаттары.
Комментарийсиз видео: Япониядагы кырсык











1 |