Токмок шаарында айымдын жансыз денеси табылып, анын өздүгүн аныкташ үчүн маркумдун жакындары изделүүдө (фото)



Бул сүрөттө маркумдун футболкасынын жана шымынын бөлүктөрү
Чүй облусунун милициясы Токмок шаарында каза тапкан айымдын өздүгүн аныктоого жардам сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 22-августта саат 04:00 чамасында Токмок шаарынын Парковая көчөсүндө 25-30 жаштардагы азиат түспөлүндөгү айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен ал кырсыктан улам набыт болгон. Эгер маркум жөнүндө маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюңуздар: 102, (0312) 60-72-26, (0701) 15-36-07, (0557) 77-00-03 (Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмү).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Сунушуңуз эсте болот, рахмат.