super.kg logo

Бишкекте Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтүүдө

 

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада көрүнүктүү акын, прозаик, драматург, котормочу, публицист, Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өтүп жатат. Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, маданияттын, илимдин кызматкерлери, студенттер жана залкар таланттын окурмандары катышууда. Алар улуу акын жөнүндө эскерип, анын чыгармаларын талкууга алышты. Кеченин жыйынтыгында Эрнис Турсуновго багышталып куран окулат. 

Айта кетсек, Э.Турсуновдун чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталып, алгачкы “Гүл” аттуу ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. Андан кийин “Булбул” (1961), “Жигиттер” (1970), “Бийиктик” (1975), “Автопортрет” (1978), “Чексиз сүйүү” (1983) жана башка ыр жыйнактары чыгарылган. Анын калеминен жаралган ырлардан башка дагы “Бадахшан” (1981), “Ата Журт” (1990), “Таттыбүбү” (1999), “Жоомарт Бөкөнбаев” (2000), “Балбай” (2002), “Ажал айтып келбейт”, “Автопортрет”, “Боронбай” (2004), “Биздин замандын баатыры” (2007), “Эл душманы” (2010) сыяктуу прозалар жана романдар, тарыхый инсандарга, окуяларга арналган мыкты чыгармалар, көзү өтөр алдында “Муктаждык” ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Э.Турсуновго "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наамдар берилген. Адабият, маданият тармагындагы берилүүчү “Түгөлбай ата” Эл аралык коомунун, А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты, грамоталар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнис агай акыркы жылдарда Кыргыз радиосунда жакшы эмгектенди. Анын кыргыздын залкарлары тууралуу даярдаган уктуруулары өзүнүн окуусунда дайыма берилчү...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: