Парламенттик шайлоого карата өкмөткө, Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко негизги тапшырмалар берилди
Бишкекте 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн абалы, парламенттик шайлоого даярдык көрүү иштери талкууланды. Мамлекеттик түзүлүш үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен жарандардын өз пикирин эркин билдирүүсүн камсыздоо максатында Коргоо кеңеши чечим кабыл алды:
Автор: Автандил Добулбеков
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маалыматтарын эске алуу.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары төмөнкү чечимдерди кабыл алышы керек:
- Ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн биометрикалык маалыматтарды колдонуунун жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын артыкчылыгы тууралуу шайлоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Шайлоого катышкан партиялардын арасында техникалык жана башка шайлоо процедуралары, мунун ичинде добуш берүүнүн жыйынтыгын текшерүүгө болгон кенен мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Уюштуруу иштериндеги жана техникалык көйгөйлөрдү, шайлоо күнү жабдуулардын жана жооптуу жарандардын үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу иштешин камсыздоо маселесин чечүү, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын коопсуздугун сактоону камсыздоо;
3. Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Жогорку Сот төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттендирилди:
- Шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын мыйзамдуулукту сакташы, шайлоодо тараптардын ыплас технологияларды колдонуусунун алдын алуу, БШКнын жана өкмөттүн үзгүлтүксүз байланыш телефонуна түшкөн даттанууларга жана массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтарга ыкчам реакция кылуу;
- Конституцияга каршы келген бардык аракеттерди, административдик ресурстарды колдонууну токтотуу, жооптуу кызматкерлердин аларды колдонуу фактыларын каттоо жана ыкчам текшерүү, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартуу;
- Шайлоо мыйзамдарын аткарбаганы үчүн жетекчилерди жана мамлекеттик органдын жооптуу кызматкерлерин саясий же башка, ал тургай кылмыш жоопкерчилигине тартуу.
Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

