super.kg logo
  Саясат  

Аксы районунда мектеп окуучуларынын арасында аймактык олимпиада болду

 
28-февралда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы А.Жаныбеков атындагы Кара-Суу орто мектебинде окуучулар арасында аймактык олимпиада болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Бакберген Урусалиев билдирди. Республикалык олимпиаданын аймактык туру болгон "Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде" аттуу бул билим таймашы 9-10-11-класстын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча болду. Ага 6 мектептин окуучулары катышып, жарыш 3 багытта өттү: биринчиси - эссе, экинчиси - көркөм окуу жана фольклордук чыгарма аткаруу, үчүнчүсү - долбоорду жактоо. Жыйынтыгында 1-орунду аталган мектептин 11-классынын окуучусу Мамбетова Айпери ээледи. Мектептин мугалими Өктөмкан Молдобекованын айтымында, бул олимпиада окуучулардын чыгармачылык шык-жөндөмүн өстүрүп, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана долбоор түзүүгө үйрөтөт. Кошумчалай кетсек, райондук олимпиада 2-мартта өтөт. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: