КМШ өлкөлөрүндө кен байлыктарын пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңештин 19-сессиясы өттү
Тажикстандын Кайраккум шаарында КМШ өлкөлөрүндө кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңештин 19-сессиясы өттү. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, кыргыз тараптан сессияга "Түштүк-кыргыз геологиялык экспедиция" жана "Түндүк-кыргыз геологиялык экспедиция" ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.
"Жыйынтыгында аталган кеңештин мааракелик 20-сессиясын 2016-жылы Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынды. Тармактагы жаңылыктар, жаңы технологиялар жана ыкмаларды жайылтуу жактан алып караганда кыргыз делегациясынын сессияга катышуусу маанилүү. Кеңештин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат, КМШнын алкагында жаңы геологдорду даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

