super.kg logo

Эркингүл Иманкожоева: “КСДПдан “Ата Мекенге” өтүшүмдүн себеби бар”

 
“Мурунку парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы Тоң районунан биринчи орунду алган. Быйыл да колдоп бересиздер деп ишенем. Азыр партиялардын баары келип, башыңарды оорутуп, актанып, жагалданып жатышат. Балким, тыйын-тыпырын берип, добушуңарды сатып алгысы келишет. Бирок сиздер кайсы партия болбосун, тизмесин, талапкерлерин карап, анан да аларга “Биз үчүн эмне кылдыңар?” деп суроо узатышыңар керек. Анткени убадаларын берип, аткарбай кеткендери толтура”,- деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы үгүт кербени учурунда эл менен жолугушууда талапкер Эркингүл Иманкожоева
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Иманкожоева КСДПдан “Ата Мекен” партиясына өтүшүнө бул партия менен максаттары, позициясы бир жерден чыкканы себеп болгонун айтты. “Мен мөңгүлөр боюнча мыйзам долбоорун жазып чыккам. Мөңгүлөрсүз энергетикалык коопсуздугубуз жок. Суу болбосо, кайдагы айыл чарба, кайдагы жашоо? Мына ушул мыйзам долбоорун “Ата Мекен” колдоп берди”,- дейт талапкер. 
Эркингүл Иманкожоева парламенттин V чакырылышында КСДПнын катарында депутат болгону эскертилет маалыматта.
Иманкожоева көпчүлүк депутаттардын облус аймагында бизнестери бар экенин, бирок жолдорду оңдоого, аймакты тазалоого же ысык-көлдүктөрдүн көйгөйүн чечүүгө келгенде баары четке чыга каларына токтолуп: “Эмне үчүн биз ачыгын айтпайбыз? “Ата Мекен” партиясы ар дайым мыйзамсыз, адилетсиз аракеттерге каршы күрөшүп келген. Мен ага күбөмүн, ошол үчүн да бул партияга өттүм”,- деп билдирди.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: