super.kg logo

Ошто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды мектепке даярдоого шарт түзүлдү

 

10-сентябрда Ош шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялоо борборунда мектепке чейинки даярдоо классынын ачылышы болду. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаштан 7 жашка чейинки курактагы 50дөн ашык бала окуйт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда балдар 4 ай бою мектепке даярдалышат. Бул жайда 2 бөлмө оңдолуп, ошондой эле ойноо аянтчасы да оңдолуу алдында турат. Мындагы балдар билим гана алып тим болбостон, психолог, дефектолог, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дарыланып да турушат.

Иш-чарага ата-энелер, тиешелүү тармактардын жетекчилери жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөрү катышты.

Кошумчалай кетсек, Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгында 950гө жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала каттоого алынса, алардын 722син 18 жашка чейинкилер түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болуптур ошондой мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жогорудагы адамдар көбүрөөк көнүл буруш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: