Ысык-Көлдө Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык адистерине семинар өткөрүлдү




8-10-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык адистерине семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, тренингдин жүрүшүндө райондук жана облустук адистерге министрликке тиешелүү болгон тармактар боюнча бардык жаңы иш багыттары окутулду.
“Учурда мындай семинарлардын жакшы жыйынтыктары байкала баштады. Адистер ар кандай маалыматты жарандарга өз учурунда жана эффективдүү кылып жеткиришүүдө. Семинарлар быйылкы жылдын март айынан бери Баткен, Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлгөн”,- деп билдиришти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.