Эмилбек Каптагаев "кошумча акы алып жүргөнүм ырас, мындан кийин да ала берем" деди

"Ысык-Көл обладминистрациясынын кызматкерлерине кошумча акынын төлөнүшүнө карата козголгон кылмыш иши - жеке кызыкчылыктын үзүрү". Бул тууралуу обладминистрациянын башчысы Эмилбек Каптагаев бүгүн, 11-сентябрда өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жарыялады.
"Укмуштуунун төөсү жорго" деген сөз бар, эмне деп комментарий беришти да билбей турам. Көрсө, дискредитациялоо боюнча жок жерден ири масштабдуу кампания баштап жиберүү мүмкүн экен. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчисинин кандай жеке кызыкчылыгы бар экенин кийинчерээк кенен жарыялайм",- деп жазды Каптагаев.
Облус жетекчиси бардык акы төлөөлөр мыйзамдуу экенин, өкмөт тарабынан бекитилген мындай нерсе бардык мамлекеттик органдарда бардыгын айтып: "Облустук өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлери буга чейин кандай кошумча акы алып келишсе, мындан ары да ала беришет. Аны жокко чыгарууга эч кимдин укугу жок",- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
-1

