super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-чаралардын аткарылышы талкууланды

 

Өкмөттө 11-сентябрда болгон жыйындын жүрүшүндө Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-чаралардын аткарылышы тууралуу токтом талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда премьер-министр Темир Сариев бул токтомду кабыл алуу өтө зарыл экенин белгилеп, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну мамлекет үчүн маанилүү долбоорлордун бири деп атады.

Премьер-министрдин айтымында, орусиялык “Русгидро” ишканасы менен биргеликте ишке ашып жаткан долбоор келишимине ылайык, Кыргыз Республикасы жер тилкелерин бөлүп берүү милдетин алган. Ага ылайык, ГЭСтер каскадын курууга буга чейин 554 гектардан ашык жер бөлүнгөн. Экинчи этап менен 1338 гектар, үчүнчү этап менен 420 гектарга жакын жер бөлүп берүү маселеси турат.

“Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу жараяны узарып жатат. Ошондуктан жер бөлүп берүүнү тездетүү зарыл. Август айында Нарын облусуна иш сапарымдын жүрүшүндө “Русгидро” ишканасы жана жергиликтүү эл менен бул маселе талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Ага ылайык, Нарын районунун тургундарына таандык 400 гектардан ашык жер маселесин 15-сентябрга чейин чечүү тапшырмасы коюлган”,- деди Темир Сариев.

Бул тапшырма күчүндө экенин эскерткен премьер-министр аталган маселелер чечилген соң курулуш иштерин жандантып, Нарын-1 ГЭСи кийинки жылдын октябрь-ноябрь айларында ишке кирсе, калган үч ГЭСти 2019-жылга чейин бүткөрүү пландалганын Темир Сариев кошумчалады.

“Биз бул долбоорду ишке ашырабыз. Бул энергетикалык коопсуздуктун маселеси”,- деп белгиледи премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: