super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди Данакер ордени менен сыйлады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2015-жылдын 12-сентябрында кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык кызматташууну өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдагандыгы үчүн Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Данакер ордени менен сыйланды.

Данакер ордени менен элдер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташууну чыңдоого кошкон салымы, улуттар аралык ынтымакты сактоо боюнча өзгөчө жемиштүү иштери, илимди өнүктүрүүгө, улуттук маданияттарды жакындаштырууга жана өз ара байытууга кошкон салымы үчүн сыйланат. 

Орден 1999-жылы уюштурулган. Өткөн жылдардын аралыгында бул орден менен Кыргыз Республикасы түрдүү чөйрөлөрдө кызматташуусун өнүктүрүп жаткан башка өлкөлөрдүн 11 лидери жана көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин бул боюнча акыркы жарлыгы 2014-жылы кабыл алынган, ага ылайык, Түркия Республикасынын мурдагы Президенти Абдуллах Гүл жогорку сыйлыкка татыктуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: