super.kg logo

«Ата Мекен»: Оштун эли «Ата Мекенди» колдойт

 

Ош шаарындагы «Ата Мекен» партиясынын шайлоочулар менен жолугушуусуна 30 миңден ашуун адам чогулуп, шаардык стадионго эл толгону менен, келген адамдардын агымы токтобогондугун партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Өмүрбек Текебаев баш болгон партиянын талапкерлерин Оштун тургундары шаңдуу тосуп алышканы, дал ушул жерде «Ата Мекен» партиясын чыдамсыздык менен эл күтүп жатканы байкалганы маалымдалды.

Адегенде шайлоочуларды «Ата Мекен» партиясы менен мурунку мэр Мелис Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдиги» партиясынын стратегиялык өнөктөштүгү кызыктырып, БШК М.Мырзакматовду «Ата Мекен» партиясынын талапкерлеринин катарынан чыгарганына карабай ал партиянын башкы өнөктөшү бойдон калары жолугушууда белгиленди.

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү стадионго чогулгандардын колдоосуна ээ болгону жана «Ата Мекен» партиясы туруктуулугу менен өлкө тарыхын өзгөрткөнгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигине ишеним арткан эл партия лидеринин сөзүн кош колдоп сүрөп чыгышканы айтылды.

«Мырзакматов менен иштешүү боюнча чечим чыгарардан мурун биз партия мүчөлөрү менен талкуулап, жоопкерчилик менен чечим чыгарганбыз. Бул үчүн Оштогу көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кылмыш иштерин иликтеп чыктык. Биринчиден, бул көпүрө курулуп бүтүшү керек, азыр да курулуш иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишин иликтеп чыгып, бул иште Мырзакматов материалдык жактан өз кызыкчылыгын ойлобогон, кызмат абалынан пайдаланбаган деген пикирге келдик. Буйруктарды аткарган соттордун кайсы бир чечими бул иш боюнча биздин пикирди өзгөртө албайт»,- деди Текебаев.

"Ал "ак жолчу" болгон" деп айтып чыгышты. Бүгүнкү күндө "Ак жолдун" мүчөлөрү КСДПда гана эмес, алар өкмөттө беделдүү кызматтарда отурушат. Мырзакматов саясатчы катары 2010-жылдагы окуялардан кийин өзүн көрсөтө баштады. Ага чейин аны эч ким таанычу эмес. Оор кырдаалды баштан өткөрүп, көптөгөн адамдардын колдоосу менен Ош шаарынан мэрлигине шайланды. Ал, чындыгында, жаңы саясатчы, аны мурунку бийликтин режимине байланыштыруу орунсуз»,- деди Текебаев.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: