Эрмек Жаманаков, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 71 жаштагы тургуну: “Бул шайлоодо да “Ата Мекен” татыктуу орун аларына ишенем”

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 71 жаштагы тургуну Эрмек Жаманаков: “Ата Мекен” партиясын кыргыз жериндеги бирден-бир татыктуу жана кубаттуу партия деп билем. 25 жылдык тарыхында бул партиянын аткарган иштери коомчулукка белгилүү. “Ата Мекен” өлкөбүздүн тарыхын ишке ашырган партия",- деди.
Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын түптөлүшүндө “Ата Мекен” өз тажрыйбасынын жана көрөгөчтүгүнүн аркасында өлкөнү эки жолку революциядан сактап калууга көмөктөшүп, ошондой эле жаңы кыргыз өлкөсүн курууга баа жеткис салымын кошо алды деген Эрмек Жаманаков буларга токтолду:
"Партия чейрек кылымдык тарыхында оңой жолду басып өткөн жок. Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасында конституциялык реформаны жүргүзүп, курч көйгөйлөрдү көтөрүп жана кыргыз эли үчүн астейдил иштеп келе жатат. Бул жигиттин позициясы, карманган багыты жана адилеттикти, чынчылдыкты туу туткан көз караштары бизди ынандыргандыктан, партияны 25 жылдан бери колдоп келдик жана бүгүн да, ар дайым аны колдой беребиз.
кошулду

Парламенттин V чакырылышына шайлоо болгондо “Ата Мекен” партиясы Тоң районунан биринчи орунду багындырган. Бул жолу да татыктуу добуш аларына ишенем. Анткени партияга чыныгы эл уулдары жана кыздары биригип, коррупция, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө бел байлашууда. Муну ар бир кыргызстандык колдоого милдеттүү деп ойлойм. Мисалы, Аида Салянова - “темир леди” атка конгон чыгаан аял. Кыргыз Республикасы тарыхында алгачкы ирет коррупция менен күрөшүү эмне экендигин көрсөтүп, 14төн ашык депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартты. Бул эрдик эмей эмине? Ошон үчүн биз бул айымга ишеничибиз зор жана аны сөзсүз колдойбуз. Мындан тышкары кыргыз элинин кызкчылыгын жогору койгон мыкты уулдар: Жоомарт Оторбаев, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев сыяктуу компетенттүү мырзалар бар. Булар өлкөнүн келечеги экени талашсыз".
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
-1