Өмүрбек Текебаев: “Кыргыз Республикасында ыдырабай, бүтүндүгүн сактап келе жаткан эки гана партия калды”

Ушу тапта “Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Өзгөн районунун Мырзаке айылында уланууда. Аймактагы чоң стадионго 4 миңдей адам чогулуп, жолугушуу башталганын партиянын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда партия лидери Өмүрбек Текебаев Мырзаке аймагынын уулу Кылычбек Султанов жана Медеткан Шеримкуловдун бул аймак үчүн жасаган аракеттерине токтолгону маалымдалды. Ошондой эле “Ата Мекендин” көп жылдар бою бүтүндүгүн сактап келишинин маанилүүлүгү айтылды.
“Сиздер мурунку шайлоодо добуш берген “Ата Журт”, “Республика” жана башка партиялар сиздердин ишенимди актабай, 5-6га бөлүнүп, кайрадан ар түрдүү партиялар менен шайлоого аттанып жатышат. Таркабаган эки гана партия калды. Алар: “Ата Мекен” менен КСДП. КСДП эмне үчүн таркабай жатканы белгилүү, анткени ал бийликтин партиясы. Мен бул партияны жамандаган жерим жок, бирок ачык сөздү айтып жатам. Ошон үчүн добушуңарды ойлонуп, өз позициясынан тайбаган, силерди сатпаган, ишенимдүү партияга добушуңарды берсеңер”,- деди Өмүрбек Текебаев.
"Айрыкча чогулгандар анын “сиздер ишенип шайлаган айрым партиялар ынтымакка келе албай, бийлик талашып жана башка себептер менен ыдырады” деген сөзүн кыйкырык-сүрөөн менен колдоого алышты",- деп айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
6