super.kg logo

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы: "Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылынын жашоочуларынын суу маселеси чечилет"

 

Кызыл-Суу айылынын тургуну Карачач Абылгазиеванын айтымында, айылдын аталышы арыктагы суунун өңүнөн коюлган. Ушундай өңдөгү сууну ичүүгө бүгүн алар аргасыз болуп, жамгыр жааган сайын саргыч, кир сууну ичүүгө пайдаланышканын партиянын маалымат кызматы кабарлады.

Суу өтө кир болгондуктан, кир жуугуч машиналарга кумдар толуп калганы айтылды. МТСтин тракторлору келип, арыкты тазалашканы, бул үчүн партияга жергиликтүү тургундар ыраазычылык билдиришкени маалымдалды.

30 жылдык иш тажрыйбасы бар Чүрөк аттуу айым бардык жашоочуларды туура тандоо кылууга чакырды. "Иштеп жаткандарды тандаш керек! «Өнүгүү-Прогресс» партиясына добуш бергиле!” деп элди чакырып өттү. Анткени партия Баатыр энерлерге, мугалимдерге көңүл буруп жатат. Жерди иштетүүгө, түшүмдү чогултууга көмөк берип, балдарды спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк берүүдө",- дейт жергиликтүү тургун.

Өз кезегинде «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кызыл-Суу айылынын тургундарына таза суу маселеси чечиле турганына убада берди. "Тургундар партиядан сууну тазалоо боюнча чараларды көрүүнү суранышты. Партия ошол маселелерге жардам берет деп үмүт кылышат, анткени мындай иштер башка аймактарда да алардын жардамы менен чечилип жатат. Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын демилгелери купулуна толду",- деп партиядан билдиришти.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: