Ажылык сапарда жүргөн кыргыз жараны каза болду

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында ажылыктын шарттарын аткарып жүргөн мамлекетибиздин 71 жаштагы жараны каза болду. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, ал 11-сентябрда жума намазына даярданып жатып каза болгон. Анын өлүмүнүн "Аль-Харам" мечитиндеги кырсыкка тиешеси жок. Каза болгон жарандын сөөгү туугандарынын макулдугу менен Сауд Арабиясында жерге коюлат. Ажылык учурунда жубайы жанында болгон.
Эске салсак, 11-сентябрь күнү Сауд Арабиясынын Мекке шаарында нөшөрлөп жамгыр жаап, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Жолдорду суу каптап, сел жүрүү коркунучу пайда болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындай окуя сейрек кездешет. Катуу шамалдан улам зым карагайлар жана Каабанын айланасындагы курулуш краны кулап кеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, "Аль-Харам" мечитине курулуштагы крандын кулашынан каза тапкандардын саны 107ге, ал эми жаракат алгандардын саны 238ге жетти. Набыт болгондор жана жаракат алгандар кырсык учурунда зыярат кылып жатышкан. Алардын көпчүлүгү ажылык сапарга келгендер.
"Аль-Харам" мечити дүйнөдөгү ири мечиттердин бири болуп саналат.
Меккедеги мечитке крандын кулашы (Нерви жукаларга сунушталбайт)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Телефонуңузга видеокодек орнотушуңуз керек.
Видеонун төмөн жагындагы "Көчүрүү" баскычын басыңыз.