Мушкер Флойд Мейвезер атаандашын утуу менен жаңы рекорд койду жана карьерасын жыйынтыктады









Америкалык мушкер, профессионалдар арасында 5 салмак категориясы боюнча Дүйнөнүн чемпиону Флойд Мейвезер 13-сентябрда мекендеши Андре Берто менен беттешти. Карьерасында 49-ирет профессионалдык рингге чыккан Мейвезер атаандашын упай катыштыгында (3 калыстын эсеби: 117-111, 118-110, 120-108) утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул жеңиши менен ал WBA жана WBC версиялары боюнча чемпиондук наамдарын коргоп, 49 беттештин баарында жеңген мушкер катары Рокки Марчианонун рекордун кайталады. Флойд Мейвезер 49 беттештин 26сын нокаут менен утса, калганын упай эсебинде уткан.
Беттештен кийин Ф.Мейвезер журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.
Бокс. Флойд Мейвезер - Андре Берто
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жакпайт ушул спорт түрү, бири-бирин бетке, башка эле ургулай беришет (менин билишимче, көбүнчө), бетке,башка ура берсе, ден соолук деле калбаса керек... А ден соолугу жабыркаса, анда бул спорт болобу... А спорт ден соолукту чыңдаш керек да))))