super.kg logo

"Өнүгүү-Прогресс": Иштин көзүн билгендер элдин жүгүн көтөрө алышат

 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев партиянын мүчөлөрү менен Жалал-Абад, Ош облустарынын райондорунда карапайым элге партиянын платформасы жана багыты туурасында үгүт иштерин жүргүзүп келди. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда тургундар “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 3 жылдан бери карапайым элге аралашып, алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жаткандыгын, шайлоого чейин аты-жыты чыкпаган партиялар учурда жети дубанды түрө кыдырып, элди убадага тойгузуп жатканына нааразылыктарын билдиришип, “Биз бир гана “Өнүгүү” партиясын билебиз!” деген пикирлерин айтышты. Акыркы 3 жылдан бери аталган партия гана элет турмушуна жакындан аралашып, айыл жергесинен чыккан алдынкы жаштарды өз курамына топтой алганы үчүн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын 90 пайызы жалаң жаштардан турары айтылды.

Бакыт Төрөбаев өзүнүн саясий максаты айыл тургундарынын турмуш деңгээлин көтөрүү экенине токтолду. Кара-Көл шаарындагы жолугушууда ага элден түшкөн суроолор көп болуп, партия жетекчиси бул аймактагы электр көйгөйүнө тиешелүү маселелерди чечүүнүн жолдорун айтып бергени маалымдалды. 

“Биз Кара-Көл шаары үчүн өзүнчө гидрокурулуш ишин колго алмайын, электр жарыгына болгон көз карандылыкты чече албайбыз. Ошондой эле жалпы өлкөдө жүрүп жаткан электр энергиясынын тарифтик саясатын оң жолго коюуну парламентте көтөрөбүз. Электр тармагындагы коррупцияны тизгиндеп, башында турган ууруларды түрмөгө отургузабыз! Бул жерде көмүр чыкпайт, газ чыкпайт, ошондуктан электр энергиясы чечилмейинче кара-көлдүктөрдүн көйгөйү кала берет”,- деди Төрөбаев.

Партия лидери мугалимдерге жана бала бакча, мектептерге акыркы жылдары көңүл бурулбай калганын белгиледи. 

“Биз чоң шаарларда бала бакча, мектеп курулуштарын күчөтөбүз. Экономиканы көтөрүү жолу менен мугалим, врачтардын айлыгын жана кары-картаңдардын пенсия эсебин жогорулатуу үчүн мыйзам базасын түптөйбүз. Мен чоң саясатка ушул максатта чыкканмын. Биздин партиянын мүчөлөрү башкаларга окшоп Орусияга барып ишкана куруп же Дубайда асман тиреген үйлөрдү сатып алып жаткан жери жок. Биз акчаны айыл жерине жумшап жатабыз, андыктан жаңы муунду саясатка сүрөгүлө! Алардын ар бири өзүңүздөргө окшогон карапайым үй-бүлөлөрдөн чыккан өзүңүздөрдүн уул-кыздарыңыздар. Биз мындан ары жаңыча жашайлы. Качанкыга чейин тополоң менен жашайбыз?! Өнүгүү жолуна түшөбүз десек, күн-түн дебей эмгек жолун тандайлы”,- дейт Бакыт Төрөбаев.

Айыл тургундары бул партиянын айыл чарба, мал чарба, бала бакчаларга, карыларга, оорукана, мектептерге көңүл бөлгөнү үчүн шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” партиясына гана добуштарын берерин билдиришкени айтылат маалыматта.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: