Каныбек Иманалиев: “Кут даарыган Тоң жери эркин экономикалык аймакка айланат”




“Тоң – мазарлуу жер. Адатта, мазарга ооруп келсе айыгып, малсыз болуп келсе малдуу болуп, кайгырып келсе кубанып, ал эми небере жытын искейм деп келсе жандуу болуп кетет. Мына ушул касиеттүү мазарлуу жерге биз да келип отурабыз”,- деп сөзүн баштады Каныбек Иманалиев “Ата Мекендин” үгүт компаниясында Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургундары менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, андан ары Иманалиев “Ата Мекен” менен Тоңдун окшоштук жактарына токтолуп: “Ата Мекендин” желегин карасаңар тоо, Тоң жери да тоолорго жакын. Экинчи окшоштугу – Текебаевдин мүнөзү, ал бетке айтат, Тоңдун эли да ошондой. Тоңдун эли мээнеткеч адамдары Таштанбек Акматов, Бейше Жапаров менен атагы чыккан. Уулуңуздар Таштанбек Акматов мыйзам жазуу жагынан алдына эч кимди салдырган эмес, “Ата Мекен” партиясы да мыйзам жазуу боюнча абсолюттук чемпион”,- деди.
Мындан тышкары талапкер Кыргызстанда эки уникалдуу мыйзам бар экенин, биринчиси - "Манас" эпосу жөнүндө кабыл алынган мыйзам, анын аркасында манасчыларыбыз колдоого алынып жатканын, экинчиси Тоң районуна байланыштуу “Тоң – киностан-2” эркин экономикалык аймагы жөнүндөгү мыйзам экенин, бул мыйзам биринчи окууда комитеттен өтүп, кабыл алынса, Кыргызстандын тарыхы боюнча биринчи жолу бир райондун аты аталып кабыл алынган мыйзам болорун айтты. Анын белгилешинче, бул аймакка Голливуддан, Орусиядан, Казакстандан же Кыргызстандын өзүнөн, айтор, кайсы жактан болбосун кино тартам деп келгендерден салык төлөмдөрү алынбайт. Ошентип Тоң жери эркин экономикалык зонага айланмакчы.
Сөзүнүн соңунда Каныбек Иманалиев өлкөбүз азаттыкка жетишкен жылдардан бери карай шайлоолорду өткөрүп келгенин, бирок май, чай, акча таратмай сыяктуу ыплас ыкмаларсыз шайлоолор өтпөй келгендиги туурасында оюн ортого салды. “Адамдын байлыгы – Ата Мекени, анан абийири. Башка эч нерсе байытпайт. Силер Саякбайдай генийди жараткан элсиңер. Тилеги таза, мазарлуу элдин, жердин касиетине шек келбесин. “Оозу жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт” деген кеп бар. Ууруну тандасаңар, 5 жыл бою уурулук кылат, бандитти тандасаңар, бандиттик кылат, коррупционерди тандасаңар, өлкөнү ырыска тундурбайт. Акча таратуу - чыккынчылык, кыргыздын кыргыздыгына, элдин элдигине шек келтиргендик. Ошон үчүн мазарлуу жер экениңиздерди эстеп, жүрөгүңөрдү тыңшап, жети өлчөп, бир кесип, анан добуш берүүңүздөр маанилүү. Мен ушуну сиздерден суранам”,- деди Иманалиев.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



