Медеткан Шеримкулов: “Оор күндөрдө чогуу болгон адамың бир туугандай болуп калат”




“1990-жылы айрыкча Өзгөн элинин башына оор күн түшкөн. Мен ошондо силер менен биргеликте ушул элдин, жердин тынчтыгын коргоп калуу үчүн чогуу күрөшкөм. Силер менен кошо ылайга колумду салып, кыйраган үйлөрдүн пайдубалын түптөшкөнмүн. Андан бери бир топ жыл өтүп, жашыңарга жаш кошулганы менен, ошондогу жүздөрдү, көздөрдү таанып турам. Мен силерди чын жүрөгүмдөн сагындым, анткени эң оор күндөрдө чогуу болгон адамың бир туугандай болуп калат эмеспи”,- деди Медеткан Шеримкулов “Ата Мекен” партиясынын Ош облусуна болгон үгүт кербени учурунда Өзгөндүн Мырзаке айылында эл менен жолугушууда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Шеримкулов парламенттин эң жаш депутаты болуп шайланып, азыр үлкөн саясатчыга айланган Өмүрбек Текебаев тууралуу: “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эң жаш, бойдок, курч депутат болуп шайланып, чоң саясатка аралаша баштаган кезден бери өз позициясынан тайбай келген жалгыз саясатчы. Бул өзгөчөлүгүн баалап, мен да ушул партия менен шайлоого бара жатам. Сиздерди да ушул партияны колдоого үндөп кетем”,- деди ал.
“Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Ош облусунда уланууда. Кечээ партия лидери Өмүрбек Текебаев баштаган талапкерлердин жоон тобу Мырзаке, Куршаб айылдарында болду, ал эми бүгүн Жалал-Абад шаарына бет алмакчы.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



