super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын "кара тизмесине" кириши мүмкүн болгон кыргыз жарандарынын саны 120 миңге кыскартылганы айтылды

 
Бишкекте миграциялык маселелер боюнча кыргыз-орусиялык биргелешкен жумушчу топтун 10-жыйыны өттү. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 14-сентябрда билдиргендей, Орусиянын аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынып, жаза мөөнөтүнүн 1,5 жылын өтөгөн 16 миң кыргыз өлкөсүнүн жаранына Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, "кара тизмеге" кириши мүмкүн болгон кыргыз жарандарынын саны 54 миңдей экени айтылды. 
"Башында орусиялык тарап "кара тизмеге" кириши мүмкүн болгон жарандардын саны 180 миңдей экенин билдирген. Бул адамдардын тобу 120 миңге кыскарган. Орусиялык өкүлдөр азыркы учурда Федералдык миграция кызматы ЕАЭБдин эрежелери боюнча аймакта болуу мөөнөтүн узартуу үчүн кыргыз жарандарынан орусиялык иш берүүчүлөр менен түзгөн эмгек келишимдерин күтүп жатат",- деп билдирди министрлик. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: