Укук коргоочу: “Шаардыктардын лифтке, короо жарыгына, сууга, түтүктөргө төлөгөн акчалары чиновниктердин чөнтөктөрүнө кетүүдө”



“Шаардыктардын лифтке, короо жарыгына, сууга, түтүктөргө төлөгөн акчалары чиновниктердин чөнтөктөрүнө кетүүдө”. Мындай пикирин бүгүн, маалымат жыйындын жүрүшүндө укук коргоочу, журналист Олег Северин билдирди. Анын айтымында, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө лифттердин иштебей турушу, короолордо жарыктын жоктугу мунун баарына далил.
“Мисалы, 2 айдан бери Курулушчулар шаарчасынын 15-үйүнүн жашоочулары 9 кабаттуу үйдүн лифти иштебегендиктен, тепкич аркылуу кирип-чыкканга мажбур болушту. Ал үйгө мен жаңы көчүп барып, бул маселе мыйзамсыз экенин билип, Бишкек шаардык лифт башкармалыгына кайрылдым. Алардын кеңсеси 5-Чыгыш кичи районунда экен. Тамеки жана ичимдик жыттанган бөлмөгө кирдим, маселенин чоо-жайын түшүндүрсөм, буга тиешелүү кызматкер "мен эс алуудамын, башчыга баргыла" деп айдап салды. Чоңуна кирип “Биз ай сайын лифт үчүн 65-100 сомдон акча төлөйбүз, ошол каражатка аны оңдоп бербей, кайра элден акча чогулталы деп жатыпсыңар. Мен бул боюнча маалымат жыйын өткөрөм, Каржы полициясына кайрылам” дегенден кийин бүгүн лифтибизди 15 мүнөттө оңдоп, ишке беришиптир. Буга чейин алар “моторун алмаштырыш керек экен, жумуш өтө кыйын жана көп каражатты талап кылат” деп жатышкан эле. Биздин оюбузча, жашоочулардан калп эле акча чогултуунун айласы болчу”,- дейт Северин.







1 |