Бишкектин Ак-Бата конушундагы жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди










Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Ак-Бата жаңы конушунда Центральная көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан ишке берилди. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, “Мост-Групп” ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде туурасы 9 метр келген 2,5 чакырым жол оңдолду. Бир жыл ичинде бул үчүн 54,7 миллион сом сарпталган.
Кайра куруу иштери 2014-жылдын октябрь айында башталган. Бул аралыкта эки кат асфальт төшөлүп, жолду кеңейтүү жана тегиздөө сыяктуу иштер аткарылган. Жолдун чектерин тактай келгенде муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтилген курулуштар болгону аныкталып, сүрдүрүлдү. Жолдун ачылыш аземине шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.