super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүлөт”

 

Бүгүн, 14-сентябрда парламенттик шайлоого карата өкмөттүн чукул жыйыны өттү. Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоого даярдыктар жана биометрикалык маалымат топтоо иши активдүү жүрүп жатканын маалымдап, “Өзүңдү тизмеден текшер!” акциясында жарандар шайлоо тизмелеринен өзүн тактап жатканын айтты.

Премьер-министр Темир Сариев жарандардын тизмеден өзүн тактоосуна 3 күн убакыт калганын белгилеп, добуш берүү күнү техникалык көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн ар бир райондо кесипкөй IT-программисттерди атайын даярдыктан өткөрүү тапшырмасын берди.

“Биз үчүн бийликчил же оппозициячыл партия деген түшүнүк болбош керек. Бардык партияларга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө бирдей шарт түзүп беришибиз зарыл. Ал эми кайсы партияга добуш берүүнү эл өзү чечсин”,- дейт Сариев.

Үгүт маалында жана шайлоо күнү коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү талабы дагы бир жолу эскертилгенин билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: