Президент Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, бүгүн каза болгон Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Казат Акматов бүгүн эртең менен 74 жашында каза болду. Ал 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Боз-Тери айылында төрөлгөн. Анын калемине таандык “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Архат” романдары, “Ажырашуу түнү” пьесасы калың элге белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.