Камалдин Токтосартов: “Мекенчилдикти кайра жандандыруу - “Ата Мекендин” негизги милдети”




“Ата Мекен” партиясынын алдынкы милдеттеринин бири – элибиздин чыныгы мекенчилдик сезимин ойготуу жана интернационализмди калыбына келтирүү”. Бул тууралуу партиянын жаш талапкерлеринин бири Камалдин Токтосартов Бишкек шаарынын көп улуттуу Төкөлдөш районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Токтосартовдун айтымында, нукуралыктын өзгөчөлүгүнө элдердин салттарынын жана маданиятынын мыкты заманбап технологиялар менен айкалышуусу аркылуу жетишүүгө болот. Ал эми мекенчилдик сезим адамдардын өз өлкөсүн экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүүгө, ошондой эле аны коргоого болгон умтулууларынан көрүнөт.
“Патриоттуулук – мекенине болгон сүйүү, ага карата берилгендик, өз аракеттери менен анын кызыкчылыгына кызмат өтөө. Ошону менен бирге чыныгы мекенчилдик улутчулдук менен шайкеш келишпейт. Адамдарыбызды патриотизм менен интернационализмдин жигердүү айкалышуусунун деминде тарбиялоону биздин баштапкы милдеттерибизден деп эсептейбиз”,- дейт талапкер.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



