"Ата Мекен" партиясы Казат Акматовдун көзү өткөнүнө байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

Кыргыз адабияты жана искусствосу оор жоготууга учурап, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, сценарист жана коомдук ишмер Казат Акматов 74 жашында көз жумду.
Казат Акматов агабыз адамдын мезгилге жана мезгилдин адамга болгон карым-катышы, өз ара таасирлери туурасындагы “Күндү айланган жылдар”, “Мезгил”, “Архат” жана башка мыкты чыгармалардын автору болуу менен бирге кыргыз саясатында дагы өз изин калтырган. Ал 1990-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттик Советинин мүчөсү, 1992-жылдан тарта Люксембург Улуу Герцогдугунун Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу болуп кызмат өтөгөн.
Манас-1000 мааракелик медалынын, Бүткүл союздук А.Островский атындагы адабият сыйлыгынын ээси болгон. Казат агабыз жазуучулук калеми курч, айткан ойлору таамай, кыргыз жаштарына үлгү болгон замандын залкар жазуучусу эле.
“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясы Казат Акматовичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кадырман агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын лидери.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



