Жер көчкү коркунучунан улам Ош шаарындагы Алмалык айылынан дагы 10 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүшү мүмкүн (фото)








13-сентябрда саат 21:00 чамасында Ош шаарына караштуу Алмалык айылында жер көчкү түшүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу туулган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу жер көчкү түшкөн жерге барып, кооптуу аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүү зарылдыгын билдиришкен.
14-сентябрда 13 адамдан турган куткаруучулар жер көчкү түшкөн жерге, турак үйлөрдүн жашоочуларын малы менен кошо коопсуз жерге көчүрүүгө барышкан. Жалпы 17 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлгөн.
Ошондой эле ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси ал жерге барып тактоо иштерин жүргүзгөн. Болжол менен кооптуу аймакта жайгашкан 10 турак үйдүн жашоочуларына коопсуз жерге көчүп кетүү корутундусу берилген.
Мындан сырткары 12 турак үй көзөмөлгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү көзөмөлгө алып, кырсыктын алдын алуу боюнча мыйзам чегинде бардык чараларды көрүүнү тиешелүү кызматтарга милдеттендирди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

