Жалал-Абад шаарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутулууда





Жалал-Абад шаарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү окутулууда. Мындай маалыматты бүгүн, 14-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, шаардык мэрияда 4-октябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктар көрүлүп, комиссия мүчөлөрүнө шайлоонун өзгөчөлүктөрү боюнча толук маалыматтар берилүүдө.
“Шайлоочуларды идентификациялоо, тизмесин каттоодо шайлоочунун жана участкалык шайлоо комиссиясынын колунун коюлушу, чыгарылып берилген чектеги номер менен тизмедеги номердин дал келүүсү, автоматтык эсептөөчү урналардын колдонулушу тууралуу окутуулар болуп жатат. Айта кетсек, шаар боюнча 288 шайлоо комиссиясынын мүчөсү бар”,- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.