Бакыт Төрөбаев: "Шаардын туура инфраструктурасы - келечекке белек"




"Шаардын туура инфраструктурасы - келечекке белек". Мындай пикирди бүгүн, 14-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Каракол шаарынын, Ак-Суу, Түп райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, Төрөбаев бул максатта көптөгөн шаарлардын, анын ичинен Каракол шаарынын инфраструктуралык социалдык стандартын борбор калаанын деңгээлине чыгаруу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын программасында каралганын белгиледи.
кошулду
"Көл кылаасы өнүктүрүүгө муктаж. Бул шаарга жаш үй-бүлөлөр үчүн көп кабаттуу үйлөрдү салып, 20 жылдык жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Заманбап ооруканалар, окуу жайлар, жатаканалар курулууга тийиш. Программадагы “Жарык шаар” долбоорунун негизинде калааны жарык кылуу зарылдыгы чечилет. Ошондой эле бул жерде туризмди өнүктүрүү менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө болот. Ал үчүн бул аймакта экотуризм, тоо туризми, медициналык туризм, спорттук туризм, этнотуризмдин өнүгүүсүн тездетүү жана меймандостук маданиятын көтөрүү, 2-3 ай эле эмес, жыл бою токтобой турган туризмди түзүү зарыл",- деп билдирди партия төрагасы.
Партия мүчөлөрү Түп, Ак-Суу аймактарына сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ачуу зарылдыгын белгилешкени, кыргыз өлкөсүнүн Евразия соода-сатыгынын жана логистикасынын борбору болууга тийиш экени маалымдалды. Эл партия төрагасы Бакыт Төрөбаев баш болгон талапкерлерди айыл чарбасын өнүктүрүп, элдин жашоо-тиричилигин оңдой ала турган бирден-бир партия экендигин айтуу менен ыраазы болуп узатышканы айтылат маалыматта.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
2

