Чаткал. Боз үй тигип, нааразычылыкка чыккан эл алтын казган ишкананын ишин токтоттурду

Бүгүн, 14-сентябрда Чаткал районундагы Чандалаш айылынын тургундары бул аймактагы кен казып жаткан түштүк кореялык ишкананын алдына боз үй тигип, митингге чыгышты. Ал ишкана аталган айыл менен Жаңы-Базар кыштагын бириктирген көпүрө салып бермекчи болуп, бирок ал убадасын аткарбай келген. Элдин нааразычылыгынан кийин ишкана кен казууну токтотуп, элдин убадасын аткарууга макулдук бергенин аталган айылдын тургуну Жамалбек Айталиев SUPER.KG'ге билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Бул айылда азыркы алтын казган ишканага чейин башка ишкана иш жүргүзүп келип, көпүрө салып жаткан. Бирок алтын казууну азыр иштеп жаткан ишкерлер улантышып, көпүрө токтоп калган. Ошондой эле дагы бир көпүрө салып беришмек, анысы баштала элек болчу. Бүгүн түшкө маал айыл тургундары нааразычылык билдирип чыгышып, убаданы аткаруу талабын коюшту. Ишкана өз ишин бүгүн токтотуп, көпүрөлөрдү куруп бермекчи болду",- деди Айталиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(5)
mugalim_bala

15.09.2015. 00:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Намыстанып кетемдаа ушу бөтөн эл келип төрүбүздү ээлеп алтын жана башка кендерибиздии казып жатса. Ушу биздин чондордо да ушундай намыс болсо кана өзүбүз казып өзубуз иштетсек
kadamjai90

15.09.2015. 01:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондордо намыстын Н сыдагы жок
Flander

15.09.2015. 09:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Өзүбүз алтын иштетмек эмес чокой тигип кие албайбыз да нааразы эле боло беребиз.
al-abu-kinesz

15.09.2015. 12:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Flander, чокой тиге албасак да келечектеги муунга мураска калтырууну ойлонушубуз керек, ошолор узурун корушсун!
aku

15.09.2015. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намыстанганды билген сон башты да иштеткенди да билиш керек да куру намыстын кереги не? Ошолор алтын казышып биздин жергиликтуу элди жумуш менен камсыз кылып атат ошол жагын да ойлош керек го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.