super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Тажикстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары өлкөлөрдүн ар кыл багыттагы өз ара кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эмомали Рахмон Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, экономикалык шарттардагы окшоштуктарды эске алганда, мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүктөр чоң экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев тажик кесиптеши менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого жакшы шарт түзүлгөндүгүнө кубанычта экендигин айтты. "Бизде эки тараптуу мамилелерди, эки элдин ортосундагы жылуу кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган чараларды шашпай, ишенимдүү маанайда талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар",- деди Атамбаев.

Атамбаев Эмомали Рахмонго Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамаатык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын ийгиликтүү өтүүсүн каалап, Тажикстандын уюмдагы ийгиликтүү жана натыйжалуу төрагалыгын белгиледи.  

Айта кетсек, бүгүн Дүйшөмбү шаарында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: