super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Коррупцияны толук жеңе албадык, бирок паракорлор менен казына ууруларын титиреттик”

 

“Ата Мекен” партиясы өзүнүн алдына жана Кыргызстандын алдында масштабдуу максаттарды койгон. Биз регионализмден арылып, коррупцияны жеңип, криминалды тукум курут кылабыз деп максат койгонбуз. Биз жаңы маданиятты түптөп, жаңы жаранды тарбиялап, адамдарга жаңы жүрүм-турум эрежелерин, жаңы адаттарды пайда кылсак дегенбиз”,- деп билдирди Өмүрбек Текебаев 14-сентябрда Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушууда.

Партиянын маалымат кызматына таянсак, Текебаев максаттар 1 же 5 жылда турмушка ашпай турганын, чыныгы реформатор жаңы коомду курууга өз өмүрүн арнап, ал баштаган ишти улантууну балдарына керээз кылып калтырарын жана бул партиянын тарыхый миссиясы, тандоосу экенин белгиледи.

“5 жыл мурун биз да эл менен кошо көп нерсени күткөнбүз. 2015-жылы биздин республика өнүгүү жана өркүндөө жолуна түшөт деп ишенгенбиз, бирок биз ойлогондой болгон жок. Көп реформалар аягына чыкпады. Ал эми кээ бир маселелерди чечүүгө кирише да албай калдык”,- деди партия лидери.

Партия жетекчиси акыркы 5 жылда өлкөдө көп нерселер – Кыргызстанда мурун болуп көрбөгөн окуялар болгондугу туурасында айтып келип, кемчиликтери үчүн Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жетекчилери кызматтарынан алынышканын, ошондой эле айрым министрлер менен айрым депутаттарга, соттор менен прокурорлорго кылмыш иштери козголгонун мисал келтирди.

“Коррупция менен күрөштө кол тийбестиктер жок. Азырынча коррупцияны толук кандуу жеңбегенибиз менен, паракорлор менен казына ууруларынын жүрөгүнүн үшүн алдык”,- деп кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: