super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекен” эл үчүн эмне кылды?" дешет, биз эки бийликтин өлкөнү талап, сатып жиберүүсүнө жол берген жокпуз”

 

“Бүгүнкү күндө айрым атаандаштарыбыз “Ата Мекен” коомго эмне кылып берди?" деп сурап келишет. “Ата Мекен” акаевдик, бакиевдик бийликке жана алардын жан-жөкөрлөрүнө Кыргызстанды орду-түбү менен талап-тоноп, сатып жиберүүгө жол берген жок. “Ата Мекен” мына ушуну жасады”,- деп билдирди Өмүрбек Текебаев 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушууда.

Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, партия лидери өлкө 2005-жылы жана 2010-жылы эки революцияны башынан кечиргенин белгилеп, “Ата Мекен” эки ирет тең Кыргызстанды кыйроодон сактап калганын, ал кезде өлкөдө баш аламандык менен кыйроо бычактын мизиндей абалда турганын айтты. Ушундай шарттарда “ата мекенчилер” баштаган Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти өзүнө алып, жагдайдан чыгуунун жолун чечкенин, ушул жана башка учурларга токтолгон Өмүрбек Текебаев 2010-жылы кырдаал азыркыдан оор болгонун, бийлик өлкөдөн куулуп, Кыргызстан мамлекеттик бийликсиз калып, апрелден июнга чейин республика боюнча провокаторлор менен реваншисттер козгогон жаңжалдар, баш аламандыктар орун алып, аймактык жана улуттар аралык карама-каршылыктар күчөгөнү тууралуу маалымдады. "Ошондо мамлекетти жана мыйзамдуу бийлик органдарын калыбына келтирүү милдетин кайрадан “Ата Мекен” өз моюнуна алды. Биз конституциялык кеңешме чакырууну жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы жөнүндө референдум өткөрүүнү сунуштадык”,- деп билдирди Текебаев.

Ал эми 2010-жылдын 27-июнундагы референдум жана анын өлкө үчүн маанилүүлүгү тууралуу партия жетекчиси буларга токтолду: “Референдум Кыргызстандагы мамлекеттик бийликти калыбына келтирип, мыйзамдаштырды. Бул жетишкендик бизди Украина менен Ливиядагыдай жагдайдан куткарып калды. Азыркыга чейин аталган өлкөлөр кайсы Конституция боюнча жашаарын чече албай жатышат. Бул олуттуу маселени биз бир нече айда чечүүгө үлгүрдүк. Натыйжада жарандык согуштун болуп кетүүсүнө жол берген жокпуз”.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: