ИИМ: "Министрликке нааразычылыгын билдирип жүргөн ИИМ кызматкерине үй берилбейт"



"Министрликке нааразычылыгын билдирип жүргөн ИИМ кызматкери Дамира Молдокеевага азырынча үй берилбейт". Мындай пикирин бүгүн, 15-сентябрда ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Жакыпов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин Молдокеева бир нече жолу массалык маалымат каражаттары аркылуу Ички иштер министрлигин "үй бербей жатат" деп күнөөлөгөн.
"Турак жай боюнча жобо иштелип чыккан. Ага ылайык, ички иштер органдарында 10 жыл кызмат кылган жана акыркы жылдары үй же жер тилкесин сатпаган кызматкерге үй берилет. Дамира Молдокеева биздин башкармалыкта ден соолукту чыңдоо боюнча адис болуп 6 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан тышкары 2014-жылы жер тилкесин кызына белекке берген. Мыйзам боюнча, ага үй бергенге укугубуз жок, анткени бизде 20-25 жылдан бери иштеп, кезекте турган кызматкерлерибиз бар. Бирок Молдокеева булчуңдун онкологиялык оорусуна кабылгандыктан, аны тизмеге киргизгенбиз, келерки жылы алышы мүмкүн",- деди Жакыпов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aikol87

15.09.2015. 12:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде ушундайда жерди,уйду башка бироо го откоруп бере калабызда.анан уйу жокко окшоп бечара боло калышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.