super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо алдында адамды ур-токмокко алган депутаттыкка талапкер Нурбек Мурашевге эскертүү жарыяланды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлү Кабулжан Кимсанбаевди токмоктогон "бир болчу" Нурбек Мурашевге эскертүү жарыялады. Бул чечимди комиссия бир добуштан кабыл алды.

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, бул токмоктоо фактысы Мурашев тарабынан шайлоо алдында биринчи жолу болгондуктан, эскертүү гана жарыяланат. "Эгер мындай нерсе бир нече жолу кайталанса, анда Мурашевди талапкерлердин тизмесинен алып салышыбыз мүмкүн",- деди Абдраимов.

Айта кетсек, 3-сентябрда “Бир бол” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Мурашев Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы маалым болгон. Буга чейин 2014-жылдын 14-февралында Мурашев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди да ур-токмокко алганы белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: