Шайлоо-2015. Бир нече партиянын мүчөлөрү өз ыктыяры менен тизмеден чыгышууда (аты-жөнү)
Бүгүн, 15-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда "Ар-намыс", "Бир бол" жана "Улуу Кыргызстан" партияларынын тизмесинен талапкерлерди чыгаруу маселеси каралды. БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, талапкерлер партиянын тизмесинен өз ыктыяры менен чыгуу боюнча арыз жазышкан. Алар: "Ар-намыс" партиясынан Салтанат Аманова, Ибрагим Эрса, Адилет Калыков, "Бир бол" партиясынан Айганыш Сатыбалдиева жана “Улуу Кыргызстан” партиясынан Зорбек Бийзаев.
Автор: Нургазы Аматов
БШК бул талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча чечимге бир добуштан макулдук беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

