Футбол боюнча өспүрүмдөр мелдеши: Оман, Непал жана Иорданиянын машыктыруучулары өз ойлорун билдиришти





Эртең, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр курамабыздын катышуусунда Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алат. Анда "В" тайпасында футболчуларыбыз Иордания, Непал жана Оман курамаларына каршы турушат. Бул беттеш алдында аталган курамдардын машыктыруучуларынын катышуусунда маалымат жыйын өттү. Алардын ойлоруна орун беребиз...
Абдуллах Кутати, Иорданиянын машыктыруучусу:
- Биз бул мелдешке катышып жаткан бардык командаларга сый мамиле көрсөтөбүз. Кыргыз Республикасынын курамасына үй ээси катары өзгөчө көңүл бурулат. Бул мелдешке жөн келген жайыбыз жок жана кийинки баскычка чыгуу аракетин катуу көрмөкчүбүз.
Йакуб Саид Саиф аль-Сабахи, Омандын машыктыруучусу:
- Биздин даярдыктын баштапкы бөлүгү бир топ жеңил болгон. Даярдык мыкты жыйынтык менен аяктады. Бардык командалардан кабарыбыз бар, бул тайпада күчтүү курамалар жайгашкан. Биздин командага кийинки баскычка чыгыш керек деген тапшырма коюлган. Биз бул үчүн мүмкүнчүлүк бар экенин эске алабыз.
Упендра Ман Синха, Непалдын машыктыруучусу:
- Биздин курама Бутан жана Бангладеш менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Непалдын белгилүү клубдары менен да ойноп, тажрыйба топтодук. Бишкектеги мелдеш биз үчүн чоң сыноо болот. Албетте, башка командалар сыяктуу эле кийинки баскычка чыгуу үчүн аракет кылабыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aikol87

15.09.2015. 14:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболчулага куч кубат берсин.алга
Mars55

15.09.2015. 15:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга кыргыз алга
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.