Бакыт Төрөбаев: "Казат Акматов адабиятчы, коомдук ишмер катары тарыхта калат"

Кыргыз адабияты менен маданияты чоң жоготууга учурады. Кыргыздын белгилүү жазуучусу жана коомдук ишмери Казат Акматов 74 жаш курагында дүйнө салды. Жазуучу Казат Акматовдун ондогон аңгемелери менен повесттери жаштарды жаркыраган келечекке үндөгөн. "Мезгил" романы, "Күндү айланган жылдар", “Ажырашуу түнү" чыгармалары улуттук адабиятка чоң салым кошкон. "Архат" романы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.
Казат Акматов коомдун өсүп-өнүгүүсүнө да чоң эмгек сиңирген. Кыргыз тили үчүн күйгөн жана анын өнүгүүсүнө салым кошкон. Элдин чыныгы уулу, калеми балбан жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматовдун коомго, элине сиңирген эмгеги түбөлүк элдин эсинде калат. Жаркын элеси элдин көз алдында түбөлүк сакталат!
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жана жеке өзүмдүн атымдан маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына, калемдештерине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ардактуу аксакалыбыздын ыйманы саламат болуп, жаткан жери жайлуу болсун!
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



