super.kg logo

Фархад Бекмамбетов: “Ата Мекен” – чоң саясий тажрыйбанын ээси”

 

“Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка жаш талапкер Фархад Бекмамбетов бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда талапкер жергиликтүү тургундарга кайрылып, кайсы бир партияга добуш берерден мурун ошол партиянын басып өткөн тарыхына, эл алдындагы аткарган иштерине кызыгуу керектигин эскертти.

Айтымында, азыр мурдатан бери Кыргызстанды жардын кырына такаган саясий күчтөр кайрадан мандатка ээ болуу максатында карапайым элди жазгырган убадаларга ишендирип жатканы баарынан кооптуу.

“Элдин социалдык терең кризиске баткан турмушун “биздин партия гана бийликке келгенде чечет” деген маанайдагы популисттик билдирүүлөрдү буга чейин аткаруу бийлигиндеги экономикалык блокту башкарып келген эски чиновниктер көбүрөөк жасашууда. Саясий майдандагы кой терисин жамынган карышкырдай ал чиновниктердин ашынган “профессионалдык” тажрыйбасы бизге 24 жылдан бери бештен белгилүү”,- деди Бекмамбетов.

Талапкер “Ата Мекен” партиясы өлкөбүздө эгемендик алган жылдардан бери дал ошол саясатчылар курган коррупциялык системди талкалоо менен күрөшүп келген бирден-бир саясий күч экендигине токтолду.

“Ата Мекен” – мамлекеттик жаңы түзүмдү алып келген күч. Ошондуктан шайлоочуларды мамлекетти бүгүнкүдөй акыбалга алып келген саясий топторго добуш бербөөгө чакырат! Муну биздин партия чоң саясий тажрыйбанын ээси катары зор жоопкерчилик менен айта алат!”- деп билдирди Фархад Бекмамбетов.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: