Монголияда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт
Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Экономикалык маселелер, технологиялар жана айлана-чөйрө комитетинин төрайымы, депутат Роза Акназарова 15-18-сентябрь күндөрү Монголиянын Улан-Батор
шаарында өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү сессиясына катышат. ЖКнын маалымат кызматына таянсак, сессияга ЕККУга мүчө 57 мамлекеттен 250 өкүл катышмакчы.
Автор: Автандил Добулбеков
16-сентябрда Акназарованын жетекчилиги менен "Аймактагы экономикалык маселелер, азык-түлүк коопсуздугу, жакырчылык тобокелчиликтерин азайтуу, суу ресурстарын башкаруу: эл аралык уюмдар менен кызматташуу" деген темада Экономикалык маселелер, технологиялар жана айлана-чөйрө боюнча экинчи жалпы комитеттин жыйыны өтөрү айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

