Сыймыкбек Сапаров: “Ата Мекенге кызмат кылуу үчүн кайсы кызматта иштегениң маанилүү эмес”




Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын алкагында “Ата Мекен” партиясынын талапкерлеринин жер-жерлерде жолугушуулары кызуу уланууда. "Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, партиянын Нарын облусунан талапкери Сыймыкбек Сапаров 15-сентябрда Кочкор районунун Төлөк айылында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга ашыгып келген айыл тургундары жаш талапкерге ак батасын беришип, ийгилик каалашканы, аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдө өз элинен, жеринен депутат чыгуусу зарылдыгын белгилешип, алдыдагы шайлоодо сөзсүз “Ата Мекен” партиясын колдошорун айтышканы белгиленет маалыматта. Талапкер Ата Мекенге кызмат кылууда кайсы тармактын өкүлү болгонуң маанилүү эместигин билдирип, өзү бала чагынан врач болууну эңсеп, ал тилегине жеткенин айтат.
"Ата Мекенге, элге кызмат кылуу үчүн кайсы тармакта же кызматта иштегениң маанилүү эмес. Мен бала чагымдан врач болуп, элди дарылайм деп тилек кылчумун. Депутат болсом да элиме чын пейилден ак кызмат кылууну милдетим деп билем. “Ата Мекен” партиясын тандаганымдын себеби - партиянын 25 жылдан бери элге ак кызмат кылып келүүсүндө”,- деди Сыймыкбек Сапаров.
Талапкердин жолугушуу сапары андан ары уланып жатканы айтылды.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



