Шайлоого байланыштуу өлкөдөгү колонияларда жана абактарда кызмат 19 күн күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 18-сентябрдан 6-октябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу бул мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖАМКтын кызматкерлеринин алдына шайлоо мезгилинде коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо милдети коюлду. "Ушул мезгилде ЖАМКтын
көзөмөл-өткөрүү пункттарын күчөтүүгө жана тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары өзгөчө контингенттин ичинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлөт",- деп билдирет басма сөз кызматы.
Айта кетсек, парламенттик шайлоо 4-октябрда өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.