super.kg logo

Өлкөдө мектепке жашы жете элек балдардын 82 пайызы бала бакчага барбайт

 

Өлкөдө мектепке жашы жете элек балдардын 82 пайызы бала бакчага барбайт. Мындан улам алардын көбүнүн мектепке даярдыгы жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Министрдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн “Наристе” аттуу 480 сааттык окутуу программасы ишке ашырылылууда.

Ага ылайык, келерки жылы мектепке бара турган 5,5-7 жаштагы балдар сентябрдан май айына чейин атайын окуудан өтүшүүдө. Мындай даярдык программасы ошондой эле жеке бала бакчаларда да өткөрүлөт. Анткени аталган программа менен мектеп программасы айкалышып кетет.

Муну менен катар дагы бир жаңылык, буга чейин менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттарынын 72 пайызы мамлекеттин карамагына кайтарылып берилди. Калгандарын кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле бардык айыл аймактарда 161 жаңы бала бакча ачылды. Ага тиешелүү 360 миллион сом бөлүнгөн”,- деди министр. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.09.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин айылда 9мечит 1 бала бакча бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: