super.kg logo

Мамлекеттик чек ара кызматы 23 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жоокерди "өз алдынча аңчылыкка чыгып кетип жоголгон" деп айтууда

 

"Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокер өз алдынча аң уулоого кетип калган". Мындай маалыматты бүгүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган кызматтын Ош облусундагы чек ара отряды кызматтык документтерди (чек араны коргоо планын) иликтеп чыгып, жоголгон жоокер Б.Баардинов менен дагы үч жоокер ошол убакытта чек араны кайтаруу нөөмөтүнө турушканын аныктаган. Ошондой эле чек ара отряды алдын ала алынган маалыматтарга таянып, Б.Баардинов кызматта туруп кийик уулоого чыгып кеткенин аныктаган. 

Учурда Б.Баардиновду аймактагы капчыгайлардан, ашуулардан, жергиликтүү айылдардан издешүүдө. Бул ишти Мамлекеттик чек ара кызматы, ИИМ, УКМК жергиликтүү тургундар менен биргеликте жүргүзүүдө. Издөө иштеринде МИ-8 тик учагы пайдаланылып жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги буга чейин жоокердин дайынсыз жоголушу боюнча ички тергөөнү жүргүзүп, бул фактынын болушуна жол берген Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын жана "Ош" чек ара отрядынын курамын кызматынан бошоткон. Мындан тышкары "Кара-Мык" тозотунда "Ош" чек ара отрядынын жеке курамы толугу менен алмаштырылган. Кызматтарынан бошотулган офицерлер жоокерди издөөгө тартылышкан. 

Эске салсак, 25-августта "ЭЛДИК КАБАРга" "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары унаалар менен чыгып кетишкенин окурман кабарлаган эле.

Ал аталган тозотто кызмат өтөп жаткан жеринен 23-августта жоголгон. Жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
15.09.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип эле оз алдынча ануулаганы кетип калсын жон эле озулорун актап жатышат го
15.09.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Деги бизде адам аркасынан
жамандаган качан калат.
козу жоктун озу жок деп эле
айта бериш керекпи.
Эч качан озунчо посту таштап
кете албайт да.Начальниктери
оздору жонотушу мумкун.
16.09.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Parish, бул нерсе чындык туугандар
15.09.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип эле кийик атканы чыгып кетсин.Бир айдан бери таппай эми ошол шылтоону ойлоп табышыппы..(((
15.09.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбодум. Ан улоого жоокерлер оз алдынча кете берсе,армиядагы тартип кайда? Ан уулап ушунча убакыт жок болуп кетмек беле? Бул жерде бир мандем бар. Офицерлерди катуурак сыкса,жоокердин дайыны чыгышы мумкун.
15.09.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушундай шылтоо ойлоп тааптырбы?
15.09.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ан уулап кетип калды деген жери чындыка эч эле жакындашпайт тапкан создорун.
15.09.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ан уулап кетип, келген жок деп эмне учун оз убагында айткан жок? Жоголгон куну эле айтса болмок, эми ушинтип шылтоо табышыптыр да! Аман эле болушсун да!
15.09.2015. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кийиктин этин жеп бутпой жатса керек да.Кулкун келет оз алдынча кеткен деп кайсы бееттери айтып жатышат.
15.09.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бет деген кай
16.09.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Постто турган аскер оз башынча кете берсе,анда дициплина,тартип кайда? Шылтоону да кичине окшоштуруп айтышса болмок,жаш бала да алданбайт калпынарга
16.09.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын ата энесинен да маек алса жакшыледа.алардын коз карашы кандай.
16.09.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ан уулаганы эмес ажатканагада сурап барышатко бул жерде чооооон сыр бар
16.09.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин Армияда ажалы жеткендер кобойуп кетти эле,ар санда эле бирден каза болуп,озуну озу олтурду деген жалган жалаа мн,эми ЧЕК арачы солдаттарга очурет жетиптирда эч болбосо КУДАЙдан корккуллачы эртен эле озундун башына салат кайтаар дуйно дейт баласынан айрылган кандай болушун!Бизде тартип уят деген нерселер жок болуп кетти ар чондор оз кызыкчылыгын ойлоп калышты,чындык жок эч качан бул жерде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: