super.kg logo
  Саясат  

"Мен эч бир партияга үгүт жүргүзгөн жокмун" деди өкмөт башчы

 
Бишкекте бүгүн, 15-сентябрда парламенттик шайлоого катышчу партиялардын өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Жолугушууда партиялардын биринин лидери "өкмөт башчы Темир Сариевдин жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кайсы бир партияга үгүт жүргүзүп жатканы айтылууда" деп билдирип, буга алардын жооп беришин өтүндү. 
Темир Сариев жооп катары: "Менин партиям шайлоого катышкан жок, менин туугандарым шайлоого аттанышпайт. Эгерде конкреттүү далилдер болсо бергиле, чара көрүүгө даярмын",- деп билдирди. Тайырбек Сарпашев буларды айтты: "Мени бул кызматка КСДП көрсөткөн, бирок ал партия менин үгүттөөмө муктаж эмес. Мен мамлекеттик кызматкермин, мыйзамды бузсам жооп берүүгө даярмын. Ушакты четке кагам".  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: